2022-05-09

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: БИЗДИН ЭТИКАЛЫК МИЛДЕТТЕРИБИЗ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИБИЗ


2022-жылдын 28-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында «Адеп-ахлактык милдеттерибиз жана жоопкерчиликтерибиз» аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Лектор Миргүл Бекмурзаева катышуучуларга көргөзмөнүн коштоосунда маселени кеңири түшүндүрүп берди. Баяндамадан кийин Бекмурзаева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жыйырмага жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.