2022-05-09

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: СОЦИАЛДЫК МЕДИЯНЫН КОЛДОНУУ ЫКМАЛАРЫ


2022-жылдын 29-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Социалдык тармактарды колдонуу ыкмалары” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Молдайым Искакова катышуучуларга көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Искакова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жыйырмага жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.