2022-05-09

АТАЙЫН АЯЛДАР ҮЧҮН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: ГЫЙБАТ


2022-жылдын 30-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында «Гыйбат» темасында семинар болуп өттү.

Баяндамачы Салима Маликова көрүүчүлөргө көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Маликова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кыркка жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.

Мындан сырткары Рамазан айынын 30 күнүндө тынымсыз семинарга катышып, ийгиликке жетишкен аудиторияга атайын белектер берилди.