2022-05-22

БИЗДИН СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ


20.05.2022-жылы саат 14:00дө КТМУ теология факультетинин деканаты тарабынан студенттерибизге маалымат жыйыны болуп өттү. Жолугушууга декан, декандын жардамчысы, факультеттин катчысы, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты. Студенттерибизге быйыл жайда Түркияда өтө турган араб жана куран курстары тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, мекемелер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин негизинде Түркияда билим алуу жана алмашуу программалары тууралуу маалымат берилди. Жолугушууда студенттерибиздин Түркияда болуп, окууга болгон каалоосу күчтүү экени байкалды.