2023-01-23

Бүткүл дүйнөлүк араб тил күнү


25.12.2023 Бүткүл дүйнөлүк араб тили күнүнө карата теология факультетинин студенттери тарабынан чакан программа уюштурулган. Факультетибиздин араб тили мугалими Абдулбасит Криж студенттер менен жакшы даярдангандыгы байкалып турду. Абдулбасит агай бул программаны жыл сайын уюштуруп келет. Программада студенттер ар кандай шоу-концерттерди көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачышты. Алар араб тилинин баалуулуктары менен таанышып, арабча ырларды окуп, түрдүү ырларды аткарышты. Теология факультетинин деканыны проф. док. Кемал Полат агай Абдулбасит агайга студенттердин таланттарын өркүндөтүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.