2023-01-30

Жетим балдар үйүнө зыярат


29.12.2022. Арстанбек Сагынбек уулунун уюштуруусу менен Теология факультетинин студенттери Жал районундагы жетим балдар үйүнө зыярат кылышты. Окуучулар балдарга таттууларды, момпосуйларды жана оюнчуктарды тартуулашты. Алар үчүн даярдаган программасын тартуулап, чогуу көңүл ачышты. Балдар да окуучулардын бул программасына канааттангандыктарын жана кубанычта экендиктерин билдиришти.