2023-02-21

Улуттук баалуулуктар жана улуттук кызмат (Исламбек Кылычбек уулу)


2022-2023-окуу жылынын жазгы семестриндеги эркин трибунада “Улуттук баалуулуктар жана улуттук кызмат” темасы менен КР Коргоо министрлигинин борбордук базасында иштеген Исламбек Кылычбек уулу маек куруп берди.

     Кылычбек уулу Теология факультетин бүтүргөндөн кийин Коргоо министрлигине кантип келип иштегени тууралуу айтып берди. Андан соң дин менен мамлекеттин мамилеси өз алдынча кандай болушу керектиги тууралуу ой бөлүштү. Айрыкча теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү Коргоо министрлигине муктаж боло баштаганын жана бул тармактарда ишке орношууну каалаган студенттердин бар экенин айтты. Маек суроо-жооп түрүндө уланып, соңунда Теология факультетинин мугалими проф. док. Кемал Полат агай ыраазычылык билдирип, кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды.