2020-06-15


ТЕОЛОГИЯ БАГЫТЫ БОЮНЧА МАГИСТРАТРУА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ҮЧҮН КАБЫЛ АЛУУ


 
 

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Коомдук илимдер институту

2020–2021-окуу жылынын күзгү семестринде төмөндө көрсөтүлгөн магистратура жана докторантура (Ph.D) багыттары боюнча  кабыл алуу конкурсу жарыяланат.

ИЛИМИЙ БАГЫТТАР ЖАНА БӨЛҮНГӨН ОРУНДАР

 

Багыттар

МАГИСТРАТУРА

ДОКТОРАНТУРА

К.Р.

Т.Р.

Б.К.

К.Р.

Т.Р.

Б.К.

 4

 

           

Теология

5

2

1

4

2

1

 

           

 

03-июль, 2020-ж.

Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү

08-10 июль, 2020-ж.

Адистиги боюнча кирүү сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт)

03-04 сентябрь, 2020-ж.

Программаларга катталуу

 

1. КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ:

  1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантурага тапшыра турган талапкердин магистрдик жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.
  2. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер: магистрдик дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 10 семестрдик медициналык, стоматологиялык жана ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүсү экенин тастыктаган дипломдун; же бакалаврдык дипломдун ээси болуп бирок Саламаттыкты сактоо министирлиги койгон талаптарга жооп берген лаборатория багытында адистиги тууралуу дипломдун ээси болушу керек.  Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу  талап кылынат.
  3. Магистратура программасында чет тил сынагы милдеттүү эмес. Бирок Кыргыз-Түрк Манас университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлдеги чет тил сынагы жыйынтыгынын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтыгына кошулат.
  4. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген чет тил сынактарынын сертификаттарына ээ болуусу керек. Түркия Республикасынын  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55 тен жогору же болбосо Кыргыз-Түрк Манас Университети  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60 тан жогору баллга ээ болуусу,  же болбосо эквиваленттүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлде таанылган бир чет тил сынагынан же  Түркия Республикасынын Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борборунун  чет тил сынагынан эквиваленттүү балл алуусу керек. Чет тил сынагынын баллы  “Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Доктордук (Ph.D)  илимий багыты боюнча чет тилден адистиги болгон талапкер, чет тил сынагынан башка бир чет тил боюнча тапшырат. Чет тил сынагына кире турган КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.
  5. Магистратурага жана докторантурага (D) тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.
  6. ALES жана GRE же GMAT сыяктуу эл аралык дэңгээлдеги сынак жыйынтыгына ээ болгон кандидаттар жазуу сынагына кирген болуп эсептелинет. Бул сынактардын жыйынтыгын жазуу сынактын ордуна эсептөө Кыргыз-Түрк Манас университетинин сынак ирструкциясында белгиленген чечимдер жана таблицага карата жүргүзүлөт. ALES жыйынтыгы менен тапшырган кандитаттар сөзсүз оозеки сынакка да катышыт. ALES  же  GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы болбогон кандидаттар жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарга сөзсүз катышыт.  
  7. Документ тапшыруу тууралуу шарттар Кыргыз-Түрк Манас университетинин сынак ирструкциясында белгиленген.. http://www.manas.edu.kg/index.php/kg/sbe-%D0%BA%D0%B0%D0%B1%D1%8B%D0%BB-%D0%B0%D0%BB%D1%83%D1%83-%D1%88%D0%B0%D1%80%D1%82%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B

 

2. КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Тапшыруу анкетасы (Түркия жана башка өлкөлөрдөн тапшыргысы келген  талапкерлер e-mail аркылуу байланышкандан кийин каттоо үчүн керек болгон документтерди төмөндө берилген e-mail адреси аркылуу жөнөтүшсө болот). http://manas.edu.kg интернет адресинен же болбосо институттан e-mail аркылуу алынат.
  2. Магистратура программасы үчүн бакалаврдык же 5 жылдык жогорку окуу жайдын дипломдун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.;
  3. Докторантура үчүн 5 жылдык жогорку окуу жайдын диплому жана магистрдик дипломдордун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
  6. ALES (Акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT (Акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын оригиналы.
  7. YDSTS, Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эларалык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү.
  8. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн).
  9. Өмүр баян.

КАБЫЛ АЛУУ:

sbe.basvuru@manas.edu.kg интернет адресинден документтер кабыл алынат.

Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү Бишкек сааты боюнча 17:30 га чейин кабыл алынат.

Маалымат алуу үчүн:  www.manas.edu.kg, 00 996(312) 49 27 88 ички байланыш: 2321 номерине телефон чалыныз.

Дарек: Бишкек шаары, Жал кичи району,  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Коомдук илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб, (Студенттик бөлүм).

           

КОШУМЧА МААЛЫМАТ:

  1. Башка адистик багытын же башка окуу жайын бүтүргөн талапкерлер тапшырган магистратура жана докторантура (D) программаларынын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.
  2. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.
  3. Сынактан өтүп, ийгиликтүү окуган магистранттарга жана докторанттарга Ректорлук тарабынан стипендия берилет.
  4. КР –Кыргыз Республикасынын, ТР-Түрк Республикасынын жарандары, ал эми БК болсо башка республикалардын жарандарын түшүндүрөт.

 

3. МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph. D) ПРОГРАММАЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

 

  1. Арыз Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет адресинен табууга  http://manas.edu.kg/index.php/kg/sbe-кабыл-алуу-шарттары  бутонун басып же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот.
  2. Маалымат Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.
  3. Милдеттүү тилдерМагистратура жана докторантура программаларында билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Эгер, бул тилдердин кайсы бири талапкердин эне тили болсо же болбосо бакалавриатта ошол тилде билим алган болсо, ал талапкер бул тилдердин сынагынан бошотулат.  Бул тилдерди билбеген талапкер тил сынагына кирүүгө (67 ден жогору балл алышы керек) же КТМУнун тил боюнча даярдоо курсуна катышууга тийиштүү.
  4. КаттооКирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган талапкерлер жарыяда көрсөтүлгөн убакыт ичинде тийиштүү программаларга катталышы керек. Убагында каттоодон өтпөгөн талапкер тийиштүү программага кабыл алынбайт. Мындай талапкердин ордуна резервдеги талапкер кабыл алынат. Чет өлкөлүк талапкерлер электрондук почта аркылуу тийиштүү документтерди жибере алышат. Туура эмес же толук эмес документтер кабыл алынбайт.

    Керектүү документтер: жогорку билими тууралуу диплом же окууну бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат (түп нускасы), жетишүү табели, паспорттун көчүрмөсү, эки даана сүрөт, чет өлкөдө билим алган талапкерлердин  өз өлкөсүнүн тийиштүү органы тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл.
  5. Багыты боюнча даярдоо: Магистратура жана докторантура программаларына башка бөлүмдөн тапшырган талапкерлер тийиштүү программа талап кылган даярдоо курсуна катышышат.
  6. Бош квотаны колдонууЖарыяда көрсөтүлгөн квоталардын кайсы бирине талапкер тапшырбаган учурда, Бөлүм башчылыгынын сунушу менен бош калган квотага кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган талапкер алынат.
  7. Стипендия: Магистрант жана  докторанттарга Кыргыз-Түрк Манас университетинин  «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык  3 категорияда стипендия берилет. Кирүү стипендиясы, жетишкендик  жана  муктаждык стипендиясы (чет өлкөлүк жарандар үчүн).
  8. Башка шарттарТөмөндөгү таблицаларда магистратура жана докторантура программаларына кайсы бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнүн тапшыра ала тургандыгы белгиленген, ALES сынагынын кайсы түрүнүн кабыл алына тургандыгы жана чет тили көрсөтүлгөн.
  9. Сынактарды өткөрүүнүн ыкмалары жана техникалык шарттары: 2020-2021-окуу жылынын күзгү семестри үчүн 2020-жылдын 8-10-июлунда өткөрүлө турган университеттин ЖОЖдон кийинки        билим    берүү программаларына тапшыруу үчүн кирүү сынактарында:

1)      Жазуу түрүндөгү адистик сынакты Google Meet программасы аркылуу көзөмөлгө алыныат, суроолорду Google Classroom программасына жүктөлүп жана сынактын аягында жооп баракчасынын талапкер тарабынан Google Classroom программасына жүктөлөт. Тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктаган видео жана аудио каттоосу менен сынакты өткөрүлөт; 

2)      Google Meet программасы аркылуу тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктаган видео, аудио каттоосу менен интерактивдүү жана онлайн түрүндө оозеки сынак (аңгемелешүү) өткөрүлөт;

3)      Сынак/ аңгемелешүү учурунда талапкер жакта электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышынын үзүлүшү сыяктуу техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албаса же катышкан учурда да сынакты тапшыра албаса, сынакты жараксыз деп табылат жана ага кайра сынакка катышуу укугун берилбейт;

4)       Манас университетинин сыртынан тапшырган ар бир кандидатка  Google Meet ,  Google Сlassroom программалары аркылуу онлайн сынактарга кирүү үчүн ….@manas.edu.kg  ден убактылуу э-маил адресин ачып документ каабыл алуу учурунда кандидаттардын э- маил адрестерине институт тарабынан жөнөтүлөт.

 КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

Багыты

Талапкердин бүтүргөн бөлүмү

ALES

Магистратура

Сынактын түрү

Баллы

 

     

Теология

Теология багытынын бүтүрүүчүлөрү

Гуманитардык

55

 

     

 

Багыты

Талапкердин бүтүргөн бөлүмү

ALES

Докторантура (Ph.D.) программасы үчүн чет тил

Докторантура

Сынактын түрү

Баллы

Чет тилдер

 

 

       

Теология

Теология багытында 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломго же магистрдик дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөрү

Гуманитардык

55

англис тили,

араб тили

 

       

 

*- Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программалардын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна алынат.

**- КМШ өкөлорүндөн келген кандидаттар үчүн орус тили чет тил катарында эсептелбейт.