Ислам таануу бөлүмү КТМУ Теология факультетиндеги Дин таануу бөлүмү менен кошо зор маанилүү бөлүм болуп саналат. 2011-2012-окуу жылында ачылган Ислам таануу бөлүмүндө даярдоо курсунана кийин 4 жылдык мөөнөттө билим берилет. Окутуу тили кыргыз жана түрк тилинде жүргүзүлүп бул эки тил даярдоо курсунда эле үйрөтүлөт. Ал эми араб тили болсо чет тили катары төрт жыл боюу басымдуу болуп окутулат.

Академиялык талаада компетенттүүлүгү эл аралык илимий публикациялар (басмалар) жана жылдар сапаттуу билим берүү иштери менен өзүн далилдеп келди. Сапаттуу окутуучулук курам менен билим берген Ислам таануу бөлүмүндө тафсир, хадис, келам, фикх, мазхабдар тарыхы, тасавуф, Куран окуу жана тажвид, араб тили, орус тили, англис тили предметтер окутулут. Мындан сырткары баалулуктар билими, дин жана адеп-ахлактык үйрөтүү методдары, ислам тарыхы, диндер тарыхы, жалпы философия, логика, адеп-ахлак, дин философиясы, дин социологиясы, дин психологиясы, дин антраполоигиясы, маданият ж.б сабактар кеңири окутулат. Ушундай жогорку мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжасында өтмүш менен келечекти бирдей караган, технологиянын  шарт жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдала алган, кыргыз-түрк коомчулугунда диний жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун тапкан, критикалык ой жүгүртүүгө маани берген, кенен пикирдүү, көрөгөч жаштарды даярдап, аларды турмушка даярдап ыңгайлаштыруу ж.б артыкчылыктарга ээ болушат.

Факультетибиздин Ислам таануу (теология) бөлүмүн бүтүргөндөр Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына караган мечиттерде имам, диний кызматкер, медреселерде мугалим жана башкаруучу болуп кызмат ала алышат. Айрыкча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү мекемелеринде дин адиси, теолог, мугалим болуп ишке орношсо болот. Кош адистик программасындагы дин таануу жана ислам таануу бөлүмдөрүн орток дипломун алган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилип орто мектептерде дин таануу жана адеп сабактарын үйрөткөн педагог катары жумушка орношуу мүмкүн. 

Факультетибизде окуган студенттерибиз төрт жылдык окуу жылы ичинде эң аз бир жолу Түркияга жаз курсуна такшалмага (стажировка) катышып чет өлкөгө баруу тажрыйбасына ээ болушат. Айрыкча  бүтүрүүчүлөрүбүз түркчө, арапча, орусча жана англисче тил үйрөнү мүмкүнчүлүгү болгондуктан универститет бүткөндөн кийиин Кыргызтан жана Түркия баш болгон бир нече мамлекеттеги алдыңкы университететтерде магистратура дана докторантура окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Проф. док. БЕКИР ТАТЛЫ

Ислам таануу бөлүмү Бөлүм башчысы

Бөлүмдүн катчысы

Сабира ӨЗДИН

Телефону: 492756

Кошумча: 5908

Кабинет: İLAH-216