2025-10-21


K.И. Скрябин атындагы КНАУ орто кесиптик ветеринардык бөлүмүнүн студенттеринин Манас университетине сапары


K.И. Скрябин атындагы КНАУ орто кесиптик ветеринардык бөлүмүнүн студенттери 2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринардык факультетине барышты.

Сапардын жүрүшүндө студенттер факультеттин билим берүү аймактары, лабораториялары, аудиториялары, музейи, практика жүргүзүү жайлары жана ветеринардык клиникасы менен таанышышты. Факультеттин өкүлдөрү студенттерге факультеттин академиялык жана практикалык билим берүү ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бул сапар студенттердин ветеринардык билим берүү тармагындагы түшүнүгүн кеңейтүү жана кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.