2025-10-21
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринардык факультетинин даярдык курсундагы студенттери 2025–2026-окуу жылынын алкагында факультет тарабынан салттуу түрдө уюштурулуп келген “Кош келиңиздер” иш-чарасынын жүрүшүндө Ветеринардык факультетке келишти.
2025-жылдын 16-октябрында өткөн иш-чаранын алкагында Чет тилдер жогорку мектебинде билим алып жаткан студенттер факультеттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чара учурунда факультеттин деканы, профессор доктор Исмаил Шен жана факультет жетекчилиги студенттерге Ветеринардык факультеттин академиялык түзүлүшү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык иш-аракеттери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Зыяраттын жүрүшүндө студенттер факультеттин лабораторияларын, окутуу бөлмөлөрүн, музейин, практикалык аянтчаларын жана ветеринардык клиниканы кыдырып, окуу процесси жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Бул иш-чара студенттердин ветеринардык кесипке болгон кызыгуусун арттыруу, факультетке болгон таандыктык сезимин чыңдоо жана академиялык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында уюштурулду.




