2025-10-21


Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар Кесиптик Лицейинин окуучулары Манас Университетине барышты


Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар Кесиптик Лицейинин бүтүрүүчү классынын окуучулары 2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз-Түрк «МАНАС» Университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетине экскурсияга келишти.

Сапардын алкагында факультеттин жетекчилиги окуучуларга Ветеринария факультетинин академиялык түзүмү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык иш аймактары тууралуу жалпы маалымат беришти.

Факультет өкүлдөрүнүн коштоосунда окуучулар факультеттин лабораторияларын, аудиторияларын, музейин, практикалык окуу аймактарын жана ветеринардык клиникасын кыдырып, билим берүү процесси менен жакындан таанышышты.

Бул иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларына университеттик чөйрө менен таанышуу, ветеринардык кесип тууралуу түшүнүк алуу жана келечектеги академиялык максаттарын аныктоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.