2025-11-21


“Манас” №10 Орто Мектебинин Окуучуларынан Манас Университетине Зыярат


Ыссык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан “Манас” №10 орто мектебинин 11-классынын окуучулары 2025-жылдын 22-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетине зыярат кылышты.

Зыяраттын жүрүшүндө факультеттин жетекчилиги окуучуларга Ветеринария факультетинин академиялык түзүлүшү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык иш жүргүзүү багыттары жөнүндө жалпы маалымат беришти.

Окуучулар факультеттин лабораторияларын, аудиторияларын, музейин, колдонмо аянттарын жана ветеринардык клиниканы кыдырып, билим берүү процессине байланыштуу кеңири маалымат алышты.

Бул зыяраттын максаты — окуучулардын университет жана ветеринардык кесип тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү, ошондой эле алардын академиялык кызыгуусун жана мотивациясын жогорулатуу болуп саналат.