2025-11-21


Роуэн университетинен Манас университетине Зыярат


2025-жылдын 27-октябрында Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Джерси штатында жайгашкан Роуэн университетинин проректору, профессор доктор Гөкхан Алканат Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) расмий сапар менен келди.

Сапардын алкагында эки университеттин ортосунда академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган протоколго кол коюлду. Жолугушууда билим берүү жана илимий изилдөөлөр тармагында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, академиялык алмашуу программаларын кеңейтүү жана студенттик мобилдүүлүктү күчөтүү маселелери талкууланды.

Проф. д-р Гөкхан Алканат сапардын жүрүшүндө КТМУнун Ветеринария факультетине келип, факультеттин деканы проф. д-р Исмаил Шен жана факультет жетекчилиги менен жолугушту. Зыярат учурунда факультеттин лабораториялары, ветеринардык клиникасы, колдонмо аймактары жана музейлери көрсөтүлүп, факультеттин академиялык жана техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бул сапар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында маанилүү кадам катары бааланды.