2025-11-21
Сакарья Университетинин Акязы Саламаттык Кызматтары Кесиптик Жогорку колледжи окутуучусу доктор Фатма Джевахир 2025-жылдын 20-ноябрында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинде семинар өткөрдү.
КТМУ Ветеринария факультети тарабынан уюштурулган иш-чарада д-р Джевахирдин «Бир Ден Соолук Концепциясында Зооноздук жана Вектордук Ылаңдар» аттуу баяндамасы окутуучулар жана студенттер тарабынан кызыгуу менен угулду.
Программанын аягында келген суроолорго жооп берген д-р Фатма Джевахирге Ветеринария факультетинин деканы проф. д-р Исмаил Шен салымы үчүн ыраазычылык билдирди.



