2025-11-21
Узбекстан Андижан Айыл чарба жана Агротехнология Институтунун Жаныбарлар чарбачылыгы жана Ветеринардык медицина бөлүмүнүн окутуучулары док. Вахидов Хабибулло Хомитжон уулу, проф. док. Базаров Мурат Ахмаджонович жана проф. док. Собиров Илхомжон Абдуллаевич Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинде бир катар илимий семинарларды өткөрүштү.
Программада 18.11.2025-20.11.2025 күндөрү док. Вахидов Хабибулло Хомитжон уулу «Ири мүйүздүү малдын көбөйүү функциясын жакшыртуу биотехнологиялары», проф. док. Базаров Мурат Ахмаджонович «Ири мүйүздүү, майда мүйүздүү жана канаттуулардагы вирусдук оорулардын заманбап аныктоо ыкмалары», ал эми проф. док. Собиров Илхомжон Абдуллаевич «Ири жана майда малыда радиологиялык диагностикалык колдонмолор» темаларында баяндамаларын жасашты.
Өткөрүлгөн семинарлар окутуучулар жана студенттер тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.

