2025-11-24


И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Манас университетинин Ветеринария факультетине зиярат кылышты


И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Доц. Др. Солтобаева Ж.О. жетекчилиги алдында Медициналык инженерия факультетинин 2-курсунун студенттери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетине зыярат кылышты.

21-ноябрь 2025-жылы өткөн бул жолугушууда факультет жетекчилиги студенттерге Ветеринария факультетинин академиялык түзүмү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практика жүргүзүү шарттары жөнүндө жалпы маалыматтарды берди.

Студенттер факультеттин лабораторияларын, аудиторияларын, музейин, тажрыйба жүргүзүү аянттарын жана ветеринардык клиникасын кыдырып, окутуу процесси боюнча кеңири маалымат алышты.