2025-11-27


Ветеринардык факультетинде мугалимдер күнү белгиленди


Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Ветеринардык факультетинин студенттери 2025-жылдын 24-ноябрында мугалимдер күнүн белгилөө үчүн атайын майрамдык программа уюштурушту. Студенттер окутуучуларын куттуктап, алардын эмгеги менен салымына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын улантылышында Ветеринардык факультетинин деканы проф. док. Исмаил Шен студенттердин көрсөткөн сый-урматына ыраазычылык билдирди жана ошону менен катары мугалимдик кесибинин маанисине токтолуп, бардык окутуучуларга өз ыраазычылыгын айтты. Факультет окутуучулары да студенттердин уюштурган бул майрамдык куттуктоосуна кубанычтарын билдиришти.