2025-11-27


УЗБЕКИСТАНДЫН САМАРКАНД ВЕТЕРИНАРИЯ, МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ЖАНА БИОТЕХНОЛОГИЯ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕН МАНАС УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЗИЯРАТ


Узбекистан Самарканд Мамлекеттик Ветеринария, Мал чарбачылыгы жана Биотехнология Университетинин окутуучулары доц. док. Гайрат Эшматов, проф. док. Абдималик Янгибоев, доц. док. Сарвар Пулатов, Айдайгүл Айсенбаева, Салохиддин Мейлиев жана Зилола Назирова 2025-жылы 25-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетине иш сапары менен келишти.

Академиялык кызматташтык жана эки тараптуу алмашуу программасынын негизинде өткөн сапардын алкагында конок профессорлор Ветеринария факультетинин деканы проф. док. Исмаил Шен жана факультет жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда билим берүү жаатында жүргүзүлө турган биргелешкен долбоорлор жана кызматташтык боюнча башка маселелер талкууланды.

Программанын жүрүшүндө делегация факультеттин лабораторияларын, аудиторияларын, музейин, практикалык окуу аймактарын жана ветеринардык клиникасын кыдырып, окуу-тарбия процесси жана материалдык-техникалык база тууралуу кенен маалымат алышты.