2026-02-12
Наманган мамлекеттик университетинен келген делегация 2026-жылдын 10–11-февралында Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ветеринария факультетине иш сапары менен келди.
Сапарга Наманган мамлекеттик университетинин Социалдык илимдер факультетинин деканы Ш. Хайдаралиев, Биотехнология факультетинин деканы А. Батошов, Искусство жана спорт факультетинин деканы Н. Каримов жана Дене тарбия жана колдонмо спорт түрлөрү кафедрасынын башчысы М. Маматкулов катышты.
Делегация Ветеринария факультетинин деканы проф. д-р Исмаил Шен жана факультеттин окутуучулары менен жолугушуп, эки университеттин ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын, илимий изилдөө долбоорлорун жана академиялык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушууда окутуучулар жана студенттер алмашуу программалары, ошондой эле биргелешкен илимий иш-чараларды кеңейтүү маселелери да каралды.
Программа алкагында делегация Ветеринария факультетинин илимий-изилдөө жана практикалык борборун, лабораторияларды, музейлерди жана окуу аудиторияларын кыдырып, факультеттин билим берүү жана илимий инфраструктурасы тууралуу маалымат алды.
Бул сапар эки университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо жана келечектеги биргелешкен иштерди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам катары бааланды.
.jpeg)
.jpeg)
