2026-03-12


С. Турсунов атындагы Бишкек Агро-экономикалык колледжинин студенттери КТМУнун Ветеринардык факультетине зиарат


С. Турсунов атындагы Бишкек Агро-экономикалык колледжинин студенттери 2026-жылдын 11-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетине зиарат.

Иш-чаранын алкагында студенттер факультеттин академиялык түзүмү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык окуу-иштери тууралуу факультеттин жетекчилигинен жалпы маалымат алышты. Конокторго факультетте жүргүзүлүп жаткан билим берүү ишмердүүлүгү жана студенттер үчүн каралган практикалык окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берилди. Мындан тышкары, алар ветеринардык билим берүүнүн мазмуну жөнүндө түшүнүк алышты.

Факультет өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөн таанышуу экскурсиясында студенттер факультеттин лабораторияларын, аудиторияларын, практикалык окуу жайларын жана ветеринардык клиникасын жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле алар жаныбарларды диагностикалоо жана дарылоодо колдонулган заманбап жабдуулар жана клиникалык практикалар тууралуу маалымат алышты.

Бул сапардын студенттерге университеттик чөйрөнү жакындан таанып-билүүгө жана ветеринардык кесип тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө салым кошору күтүлүүдө.