2026-03-17
Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Өзбекстандын Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтык алкагында проф. д-р Илхомжон А. Собиров жана проф. д-р Мурат А. Базаров КТМУнун Ветеринария факультетине келишти.
2026-жылдын 13-мартында проф. д-р Илхомжон А. Собиров «Цианоген гликозиддерди камтыган өсүмдүктөр менен жаныбарлардын уулануусу» темасында Акушердик жана гинекология кафедрасында, ал эми проф. д-р Мурат А. Базаров «Жаныбарларда жугуштуу оорулардын алдын алуу» темасында Ички оорулар кафедрасында лекция окуп, студенттерге маанилүү маалыматтарды беришти.
Ветеринария факультеттин деканы проф. д-р Исмаил Шен жана факультет жетекчилиги окутуучуларга кошкон академиялык салымдары үчүн ыраазычылык каттарын тапшырышты.

