2026-04-03
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык медицина факультетинин окутуучусу, доцент доктор Али Кумандаш 2026-жылдын 2-апрелинде «Лабораториялык жаныбарлар жана эксперименттик моделдер» аттуу семинар өткөрдү. Семинарда эксперименттик жаныбарлардын илимий изилдөөлөрдөгү мааниси жана колдонулган моделдер тууралуу маалымат берилди.
Семинар чоң кызыгуу менен өтүп, анда заманбап изилдөөлөрдө колдонулган эксперименттик моделдер жана этикалык мамиле маселелери да талкууланды. Катышуучулар бул тармак боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.
Семинардын соңунда Ветеринардык медицина факультетинин декан орун басары, профессор доктор Хасан Хүсейин Ары семинар үчүн ыраазычылык билдирип, доцент доктор Али Кумандашка ыраазычылык баракчасын тапшырды.



