2026-04-08
Кыргыз-Түрк «Манас» университети Ветеринардык факультетинин студенттери 2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыт илимий-изилдөө институтуна барышты.
Иш сапардын алкагында студенттер кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында жасалма уруктандыруу, урук алуу жана тоңдуруу ыкмалары, селекция ыкмалары, ошондой эле уй жана бука өстүрүү боюнча теориялык жана практикалык билим алышты.




