2026-04-13


Бээлердин жатын микробиотасы боюнча семинар


Кыргыз-Түрк «Манас» университети Ветеринардык медицина факультетинин докторанты Айпери Айтмырза кызы 2026-жылдын 9-апрелинде «Бээлердин жатын микробиотасы» аттуу семинар өткөрдү.

Өткөрүлгөн семинарда бээлердеги жатын микробиотасынын мааниси, анын репродуктивдик саламаттыкка тийгизген таасири жана заманбап илимий ыкмалар каралды. Семинар катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынып, жогорку деңгээлдеги илимий иш-чара катары жыйынтыкталды.

Семинардын соңунда Ветеринардык медицина факультетинин деканы, профессор доктор Исмаил Шен Айпери Айтмырза кызына ыраазычылык билдирди.