2026-04-16
Кыргыз Республикасынын Агротехникалык колледжинин К.И. Скряби́н орто кесиптик ветеринардык бөлүмүнүн студенттери 2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетине сапар менен келишти.
Сапардын алкагында студенттер факультеттин окуу имараттарын, лабораторияларын, аудиторияларын, музейин жана Илимий-изилдөө жана колдонмо борборуна экскурссия кылышты. Факультеттин өкүлдөрү тарабынан студенттерге факультеттин академиялык жана практикалык окуу мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бул сапар студенттердин ветеринардык билим берүү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын кесиптик өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулду.



