2026-10-13
2026-жылдын 11-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинде студенттердин ортосундагы ынтымакты жана командалык духту чыңдоо максатында салттуу курстар аралык волейбол турнири өткөрүлдү.
Турнирде Ветеринария факультетинин 5-курсунун волейбол командасы биринчи, 3-курстун командасы экинчи, ал эми 2-курстун командасы үчүнчү орунду ээледи.
Турнирдин алкагында «Мыкты коргоочу» номинациясы боюнча сертификаттар Мехмет Йылдырымга, Алим Бакыт уулуна жана Салтанат Огонбаевага; «Мыкты чабуулчу» номинациясы боюнча Баймырза Калыбековго, Адилет Алыбек уулуна жана Дастан Алмазбековго; ал эми «Мыкты оюнчу» номинациясы боюнча Күнболот Бекназар уулуна жана Акилай Каримбердиевага тапшырылды.


