2026-10-21


КТМУнун Ветеринария факультетинин студенттери Өзбекстанда академиялык алмашуу программасына катышты


Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун ортосунда кол коюлган кызматташтык протоколунун негизинде КТМУнун Ветеринария факультетинин студенттери 2026-жылдын 12–16-октябрь күндөрү Өзбекстанда уюштурулган академиялык алмашуу программасына катышты. Программанын максаты студенттердин кесиптик билимин жана тажрыйбасын өркүндөтүү, ошондой эле окуу иш-чараларына катышуусун камсыз кылуу болду.

Академиялык алмашуу программасына факультеттин студенттери Гүлпери Асанбекова, Жасурбек Азимжонов, Адина Чынберди кызы жана Нурия Апастаева катышты.

Программанын жүрүшүндө студенттер Андижан шаарындагы ветеринардык лабораторияларга, институттун академиялык бөлүмдөрүнө жана мал чарба ишканаларына барышты. Лабораториялык иштердин алкагында алар гемагглютинация реакциясы жана өнүгүп жаткан тоок эмбриондоруна инокуляция жүргүзүү ыкмалары менен таанышышты. Ошондой эле бодо малдарга ультра добуш изилдөө жүргүзүү процессине катышышты.

 

Программанын кийинки этабында студенттер Фергана аймактык ветеринардык диагностикалык лабораториясына барышты. Ал жерде экспресс-тесттерди жүргүзүү, кан сывороткасынын үлгүлөрү менен иштөө жана ар кандай изилдөө бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышты.

Академиялык алмашуу программасы студенттердин теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө, кесиптик тажрыйба топтоого жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.