2026-10-21
Ош мамлекеттик университетинин Ветеринардык клиникасынын жетекчиси Кадыров Бакытбек Жолонович жана ветеринардык дарыгер Амалия Олеговна Легкоступова 2026-жылдын 14–16-октябрь күндөрү академиялык алмашуу программасынын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетине келишти.
Сапардын алкагында коноктор КТМУнун Ветеринария факультетинин деканы, профессор, доктор Исмаил Шен менен жолугушту. Программанын жүрүшүндө коноктор факультеттин лабораторияларында жана практикалык окуу жайларында өткөрүлгөн иштерге катышып, кесиптик билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, ошондой эле практикалык окутуу ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
