2026-11-13


№14 Өмүр Баатыр атындагы мектептен КТМУнун Ветеринария факультетине зыярат


Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан №14 Өмүр Баатыр атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары 2026-жылдын 3-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине зыярат кылышты.

Зыяраттын алкагында окуучуларга Ветеринария факультетинин билим берүү багыттары, илимий-изилдөө жана колдонмо борборлору, лабораториялары жана академиялык ишмердүүлүгү тааныштырылды. Ошондой эле ветеринардык кесиптин өзгөчөлүктөрү жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Иш-чара окуучулардын кесип тандоо боюнча түшүнүгүн кеңейтүүгө жана ветеринария тармагы менен жакындан таанышууга өбөлгө түзүүнү максат кылды.