2026-11-13
Казакстандын Улуттук агрардык изилдөө университетинин окутуучуларынын бири доктор Ассем Миржиева 2026-жылдын 9-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине иш сапары менен келди. Жолугушууга Ветеринария факультетинин деканы, профессор, доктор Серкан Йылдырым, декандын орун басары, профессор, доктор Хасан Хүсейин Ары жана окутуучу Аднан Аян катышты.
Сапардын алкагында доктор Ассем Миржиева факультеттин деканы, профессор, доктор Серкан Йылдырым жана аны коштогон академиялык курам менен жолугушту. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, илимий изилдөөлөр жана келечекте ишке ашырылышы мүмкүн болгон биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.