2026-11-13


Султан Ибраимов атындагы агротехникалык колледжден КТМУнун Ветеринария факультетине зыярат


Султан Ибраимов атындагы агротехникалык колледждин Ветеринария программасынын 2-курс студенттери 2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине зыярат кылышты.

Зыяраттын алкагында студенттерге Ветеринария факультетинин билим берүү багыттары, илимий-изилдөө жана колдонмо борборлору, лабораториялары жана академиялык ишмердүүлүгү тааныштырылды. Ошондой эле ветеринардык билим берүү жана кесиптик практика тууралуу маалымат берилди. Иш-чара студенттердин ветеринария тармагындагы академиялык иштер жана практикалык мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышуусун максат кылды.