2026-11-20
2026–2027-окуу жылында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кабыл алынып, Ветеринария факультетинде билим алууга укук алган жана учурда даярдоо курсунда окуп жаткан студенттер үчүн багыт берүү программасынын алкагында маалыматтык семинар өткөрүлдү.
2026-жылдын 12-ноябрында өткөрүлгөн программада Ветеринария факультетинин окутуучулары доц. д-р Тунахaн Санжак жана доц. м.а. Наристе Кадыралиева студенттерге факультетте жүргүзүлүүчү окуу процесси, академиялык баскычтар жана келечекте тандап алууга мүмкүн болгон кесиптик багыттар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле ветеринардык билим алуу учурунда тандап алууга боло турган адистиктер жана ишмердүүлүк багыттары талкууланып, студенттердин келечектеги карьерасын пландаштыруусуна байланыштуу сунуштар берилди.
Программанын соңунда студенттерге сый-тамактар сунулду. Жылуу жана достук маанайда өткөн суроо-жооп бөлүгүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун окутуучуларга узатып, алардын ой-пикирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
