2026-11-20


Dental импланттарды орнотуудагы ийгиликтин жана ийгиликсиздиктин себептеринде сөөктүн саламаттыгынын мааниси


Ататүрк университетинин Стоматология факультетинин деканы, профессор, доктор Режеп Орбак 2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинде семинар өткөрдү.

«Dental импланттарды орнотуудагы ийгиликтин жана ийгиликсиздиктин себептеринде сөөктүн саламаттыгынын мааниси» аттуу семинарда профессор, доктор Режеп Орбак dental имплантацияда сөөктүн саламаттыгынын ролу, ийгиликке таасир этүүчү факторлор жана кездешкен ийгиликсиздиктердин себептери тууралуу катышуучуларга баалуу маалыматтарды берди.

Семинардын соңунда KTMУнун Ветеринария факультетинин деканы, профессор, доктор Серкан Йылдырым кыскача сөз сүйлөп, профессор, доктор Режеп Орбакка баалуу маалыматтары жана кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.