03 Сентябрь 2024-жылы Ветеринардык факультеттин деканы, профессор Исмаил Шен менен Кореянын айыл чарбасында инновациялык борборунун (KOPIA) өкүлдөрү, урматтуу Кванг Сог "Питер" Чу жана урматтуу Ким Хюк Сан жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын мал чарбасын өнүктүрүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча эки мекеменин кандай кызматташууларды жүргүзө алаары талкууланды. Көрсөтүлгөн темалар боюнча кайрадан жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Жолугушуу эки мекеме үчүн тең абдан жемиштүү болду.