Түркияда эки жаныбарлар ооруканасынын ээси болгон ийгиликтүү ветеринардык врач Левент Агаоглу ветеринария факультеттин студенттери менен жолугушуп, кесиптик тажрыйбалары жана ишкерлик жолундагы сапары тууралуу бөлүштү. Агаоглу ветеринардык карьерасында клиника ачуу процесси, поликлиникалардан жаныбарлар ооруканасына өтүү жана бул процессте жолуккан кыйынчылыктарды айтып берип, студенттерди шыктандырды.
Семинарда Агаоглу ветеринардык кесипте адистешүү жана жеке иш ачуу боюнча маанилүү маалыматтарды берип, студенттерге кесиптик жолунда эмнелерге көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Айрыкча клиника ачуу процесси учурунда ишкерлик жөндөмдөрдүн канчалык маанилүү экенине токтолуп, катышуучуларга иште ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүштү.
Катышуучулар Агаоглунун тажрыйбаларын угуп, өз кесибине жаңы көз караштарды алышты. Ошондой эле клиникадан жаныбарлар ооруканасына өтүү процессинин майда-баратын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Агаоглунун бул семинары ветеринардык факультеттин студенттеринин арасында чоң кызыгуу жаратты.