2024-10-28

«Агро Тех Экспо-2024» айыл чарба жана азык-түлүк жарманкеси жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өттү.


2024-жылдын 18-20-октябрында Бишкек шаарында Т. Усубалиев аянтында "AgroTechExpo-2024" айыл чарба жана азык-түлүк жарманкеси менен "Алтын Күз" азык-түлүк жарманкеси Суу ресурстары, Айыл чарба жана Тамак-аш өнөр жай министрлиги тарабынан өткөрүлдү.

"AgroTechExpo-2024" — бул Кыргызстандагы эң чоң жарманке болуп, анда дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрү айыл чарба жана өнөр жай комплекси үчүн кеңири технологиялар жана техника түрлөрүн көрсөтүшөт. Жарманкенин негизги максаты — Кыргызстандын айыл чарба мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникалары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү рынок түзүү жана фермерлердин эң жаңы айыл чарба технологиялары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.

Жыл сайын жарманкеге катышкан Ветеринардык факультет быйыл дагы иш-чарага катышып, салым кошту.