Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин 5-курстун студенттери Айжан Кубаныч кызы жана Юнус Сарыбога 2026-жылдын 18–21-февралында Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөрүлгөн Agrodialog-2026 Улуттук форумуна катышты.
Форумдун алкагында Кыргызстандагы айыл чарба жана мал чарбачылык тармагынын көйгөйлөрү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Айжан Кубаныч кызы «Кыргызстандагы жүн багытындагы эчкилер» темасында, ал эми Юнус Сарыбога «Кыргызстанда тоок чарбачылыгы» темасында баяндама жасады.
Өткөрүлгөн форумдун соңунда Айжан Кубаныч кызы жана Юнус Сарыбога өз баяндамалары боюнча катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
