Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesiнин Ветеринардык факультети жаныбарлардын саламаттыгы жаатында сапаттуу билим берүү жана кызмат көрсөтүү менен катар ийгиликтүү дарылоо жана операцияларды жүргүзүп, акыркы мезгилде социалдык тармактарда жана коомчулук арасында чоң кызыгуу жарата баштады. Факультет үй жаныбарларынын, экзотикалык жаныбарлардын жана чарба жаныбарларынын ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча жүргүзгөн ийгиликтүү иштеринин негизинде жаныбарлардын саламаттыгын сактоого салым кошуп келет. Бул өз кезегинде коомдук саламаттыкты сактоого да кыйыр түрдө маанилүү салым кошот.
Социалдык тармактарда жана коомчулукта жаралган чоң кызыгуу алкагында Кыргызстандын маанилүү маалымат каражаттарынын бири болгон ЭлТР телеканалынын кабарчылары Ветеринардык факультетке келип, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышышты. Иш сапардын жүрүшүндө Окуу-илимий жана колдонмо борбору кыдырылып, дарылоо жана хирургиялык операциялардын жүрүшү тууралуу маалымат алынып, жооптуу кызматкерлер менен маектер жүргүзүлдү.
Иш сапардын жыйынтыгында ЭлТР телеканалынын өкүлдөрү Ветеринардык факультет билим берүүнүн сапаты жана жаныбарлардын саламаттыгына багытталган ийгиликтүү иштери менен аймак үчүн маанилүү борбор экенин белгилешип, даярдалган жаңылык жана маек жакынкы убакта эфирге чыга турганын билдиришти.




