2026-03-12

«Манас» университетинин Ветеринардык факультетинин окутуучусуна Ататүрк университетинен 2 сыйлык


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетинин окутуучуларынын бири, профессор доктор Серкан Йылдырым Ататүрк университети тарабынан уюштурулган 2024–2025-жылдардагы Академиялык жетишкендиктер боюнча сыйлык тапшыруу аземинде маанилүү ийгиликке жетишти. Академиялык иштерди баалоонун жыйынтыгында профессор доктор Серкан Йылдырым илимий ишмердүүлүгү үчүн «Жалпы көрсөткүч» жана «Изилдөөгө кошкон салымы» аттуу категорияларда эки сыйлыкка татыды. Биз агайыбызды куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.