Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ветеринардык факультетинин деканы, профессор доктор Исмаил Шен жана окутуучулар жамааты университетибиздин окутуучусу, доцент доктор Тотубаева Нурзат Эрмековнанын Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору кызматына дайындалышына байланыштуу 2026-жылдын 20-майында куттуктоо сапары менен барышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Манас университетинде көп жылдар бою ийгиликтүү эмгектенген доцент доктор Тотубаева Нурзат Эрмековнага жаңы кызматында ийгиликтер кааланып, ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору доцент доктор Тотубаева Нурзат Эрмековнаны дагы бир жолу куттуктап, жаңы кызматындагы ийгиликтеринин мындан ары да уланышын каалайбыз.

