Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Үзгүлтүксүз Билим берүү борбору тарабынан 6–10 жаштагы балдар үчүн уюштурулган 2026-жылкы Жайкы мектеп программасынын алкагында окуучулар 2026-жылдын 9-июнунда КТМУнун Ветеринардык факультетине келишти.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга жаныбарларды сүйүү, аларды коргоо жана ден соолугун сактоо үчүн көңүл бурулуучу негизги эрежелер тууралуу маалымат берилди. Таанып-билүүчү жана кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон программа балдардын чоң кызыгуусу менен жыйынтыкталды.

