Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жана студент алмашуу программасынын алкагында үч студент билим алуу үчүн КТМУнун Ветеринария факультетине келишти.
2026–2027-окуу жылындагы студент алмашуу программасынын алкагында Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун Ветеринария факультетинин 3-курсунун студенттери Tursunov Asadbek Asiljanogli, Xoldarov Ulfatjon Ikromjonogli жана Xolmatov Omadbek Ulukbekogli Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинде билим ала башташты.
Алмашуу программасынын алкагында КТМУнун Ветеринария факультетинде билим ала турган студенттер академиялык билим алуу менен бирге университеттин билим берүү жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, кесиптик билимдерин жана тажрыйбаларын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
.jpeg)