2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү оюндарынын «Аламан-Улак» федерациясынын калыстары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетине барышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Аламан-Улак» федерациясы менен Ветеринардык факультеттин ортосунда жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана ветеринария тармагында мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле конокторго Ветеринардык факультеттин билим берүү, илимий-изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
.jpeg)