2026-09-30

КТМУ Ветеринария факультетинин жана К.И. Скрябин атындагы КУАУ Ветеринардык медицина факультетинин ортосундагы кызматташуу боюнча макулдашуу Протоколун (20.05.2026) ишке ашыруу


Факультетибизде 29.09.2026-ж. аталган Протоколдун 2-беренесинин а) пунктун “Окуу процессинде факультеттердин окутуучуларынын мобилдүүлүгүн камсыздоо” ишке ашыруу максатында, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин профессору Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ тарабынан Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин 3-курсунун студенттерине “Куштардын физиологиясы” жана “Жүрүш-туруштун типтери жана формалары” темасындагы сабактар өткөрүлдү. Студенттерди сабакка КУАУнин “Анатомия жана физиология” кафедрасынын башчысы, в.и.к., профессор Ырысбек БЕГАЛИЕВ жетектеп келди.

Сабактардын соңунда конок студенттерге факультетибиздин аудиториялары, лабораториялары жана клиникасы менен тааныштыруу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында конок студенттер факультетибиздин билим берүү, практикалык жана илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Протокол алкагындагы билим берүү, илим изилдөө, маданият, тил жана спорт багытындагы өз ара кызматташуулар мындан ары дагы улантыла бермекчи.