2026-10-02

КТМУнун Ветеринария факультетинин деканы проф. д-р Исмаил Шен Андижандагы конференцияга онлайн катышты


Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институту тарабынан уюштурулган «Туруктуу айыл чарбасын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда инновациялык агротехнологиялар жана мал чарбачылыгынын глобалдык интеграциясы» аттуу конференцияга Кыргыстан-Түркия Манас университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинин деканы проф. д-р Исмаил Шен онлайн форматта катышты.

Проф. Шен өз сөзүндө Борбордук Азияда мал чарбачылыгы экономикалык ишмердүүлүк гана эмес, айылдык жашоонун, маданий мурастын, азык-түлүк коопсуздугунун жана коомдук бакубаттуулуктун маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Ал аймактын айыл чарба жана мал чарбачылык потенциалын илимий кызматташтык аркылуу кыйла натыйжалуу пайдаланууга болорун белгилеп, университеттер менен илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы биргелешкен иштерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Проф. Шен Борбордук Азия күчтүү илимий кызматташтыктын борборуна айланышы үчүн аймактагы өлкөлөрдүн жана университеттердин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун, академиялык алмашууларды жана маалымат алмашууну өнүктүрүү зарылдыгын билдирди.

КТМУнун Ветеринария факультети аймактык жана эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана илимий ишмердүүлүккө активдүү салым кошууга мындан ары да уланта турганы белгиленди.