Факультетибизде 06.10.2026-ж. аталган Протоколдун 2-беренесинин а) пунктун “Окуу процессинде факультеттердин окутуучуларынын мобилдүүлүгүн камсыздоо” ишке ашыруу максатында, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин профессору Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ тарабынан Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин 2-курсунун студенттерине “Кан системасынын физиологиясы” темасындагы сабакт өткөрүлдү.
Теориялык сабактан кийин конок студенттерге факультетибиздин “Компьютердик лабораториясында” “Виртуалдык физиология” компьютердик программасын колдонуу менен лабораториялык сабактарды өтүү мүмкүнчүлүгү тааныштырылды.
“Виртуалдык физиология” компьютердик программасын Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинде дагы колдонуу сунушталды.
Ошондой эле, факультетибиздин окутуучусу в.и.д., профессор Аскарбек Зарлыкович ТҮЛӨБАЕВ тарабынан физиология сабагы боюнча билим берүү процессин жана практикалык окутуу-үйрөтүүнү илгерилетүү жана жакшыртуу максатында даярдалып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан басылып чыгарылган ФИЗИОЛОГИЯ I (практикум): Окуу китеби. – Б.: 2020 (ISBN 978-9967-9277-7-3) “Анатомия жана физиология” кафедрасына белекке берилди.
Сабактардын соңунда конок студенттерге факультетибиздин аудиториялары, лабораториялары жана клиникасы менен тааныштыруу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында конок студенттер факультетибиздин билим берүү, практикалык жана илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Протокол алкагындагы билим берүү, илим изилдөө, маданият, тил жана спорт багытындагы өз ара кызматташуулар мындан ары дагы улантыла бермекчи.

