2026-10-13

Профессор, доктор Серкан Йылдырым дүйнөдөгү эң таасирдүү окумуштуулардын 2% тизмесине кирди


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин окутуучуларынын бири, профессор, доктор Серкан Йылдырым Стэнфорд университети менен Elsevier компаниясынын кызматташтыгында даярдалган «Дүйнөдөгү эң таасирдүү окумуштуулардын 2% тизмесине» (World’s Top 2% Scientists) кирди.

Стэнфорд университети жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, профессор, доктор Серкан Йылдырым 2020-жылы дүйнөдөгү эң таасирдүү окумуштуулардын тизмесине кирип, 2021, 2022, 2023, 2024 жана 2025-жылдары да бул тизмеден орун алып, илимий ийгилигин улантты. Илимий басылмалардын эл аралык шилтемелердеги таасирине негизделип түзүлгөн жана 2026-жылдын 7-октябрында жаңыртылган тизмеде Ветеринария факультетинин профессору, доктор Серкан Йылдырым дүйнөдөгү эң таасирдүү окумуштуулардын бири катары көрсөтүлдү. Анын эл аралык деңгээлдеги бул ийгилиги университеттин илимий изилдөө мүмкүнчүлүктөрүнүн жана академиялык аброюнун жогорулашына кошкон салымы менен сыймыктанууга негиз болду.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети катары окутуучубуз профессор, доктор Серкан Йылдырымды бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.