2026-10-21

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүлөрү эл аралык академиялык жетишкендиктери менен сыймыктандырат


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүлөрү Түркия, Япония, Венгрия жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө жогорку баскычтагы билим алуу жана илимий иштерди жүргүзүү аркылуу эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратууда. Факультет алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учургандан бери, көптөгөн бүтүрүүчүлөр магистрдик жана PhD доктор даражаларды ийгиликтүү жакташып  академиялык карьераларын өнүктүрүштү. Учурда бүтүрүүчүлөрүбүздүн бир катары дүйнөнүн ар кыл университеттеринде билим алуусун улантып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана эл аралык кесиптик даярдоо программаларына катышууда.

 

Айдай Жунушова Селчук университетинин Ветеринария факультетинде «Фармакология жана токсикология» багыты боюнча PhD программасын ийгиликтүү аяктады. Академиялык ишмердүүлүгү менен айырмаланган Жунушова Айдай Селчук университети тарабынан уюштурулган «2025-жылдын көрүнүктүү жетишкендиктер» (Outstanding Achievement Awards) сыйлыгынын алкагында биринчи орунга ээ болду.

 

Даяна Алымбаева учурда Венгриядагы Будапешт университетинин Ветеринария факультетинде «Физиология жана биохимия» багыты боюнча PhD доктор даражасын алуу үчүн билим алууда жана диссертациясын жактоо баскычына жетти.

 

Нурия Чоконова Япония өкмөтү тарабынан берилүүчү MEXT стипендиясынын колдоосу менен Китасато университетинде «Коомдук саламаттыкты сактоо» багыты боюнча PhD доктор программасында окуусун улантууда.

 

Эм Малика Мирзабековна Түштүк Кореядагы Кён Хи университетинде генетикалык инженерия боюнча магистр даражасын алуу учун окуусун улантууда. Өнөр жай микробиологиясы лабораториясындагы изилдөөсүндө ал табигый экстракттардын жана микроорганизмдердин айрым ооруларга каршы коргоочу жана сезгенүүгө каршы таасирин изилдөөдө.

 

Нурсултан Арапбай уулу учурда Фырат университетинин Тоюттануу жана тоюттандырууга байланыштуу оорулары кафедрасында PhD доктор программасында окуусун улантууда.

 

Айтурган Дүйшөбаева Жапон ветеринардык медициналык ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн Азия ветеринарларын окутуу программасынын алкагында Ракуно Гакуен университетинде вирусология жана "Бир ден соолук" боюнча кесиптик билим алды. Программанын жүрүшүндө ал кене аркылуу жугуучу вирустар жана алар менен байланышкан зооноздук ылаңдар боюнча илимий изилдөөлөргө катышкан.

 

Айжан Тыналиева ошондой эле Китасато университетинде ушул эле эл аралык билим берүү программасынын алкагында кесиптик окуу жана изилдөө иштери менен алектенет. Университеттин Коомдук саламаттыкты сактоо лабораториясында ал *Pseudomonas aeruginosa* бактериясынын патогендүүлүгү жана антибиотиктерге туруктуулугу боюнча изилдөө жүргүзүүдө.

 

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн билим алууну улантып, илимий изилдөөлөргө катышып, ар кыл өлкөлөрдөгү эл аралык академиялык программаларга катышып жатканы KТМУ Ветеринария факультетинин билим берүүдөгү жетишкендиктерин баса белгилеп, анын эл аралык кызматташуусунун маанисин баса белгилейт. KТМУ Ветеринария факультети бүтүрүүчүлөрүнүн академиялык жана кесиптик өнүгүүсү менен ар дайым сыймыктанат жана алардын билимге, эл аралык өнөктөштүккө жана ветеринардык кесиптин өнүгүшүнө салым кошууда мындан ары да ийгиликке жетишине үмүттөнөт.