2026-10-27

Муса Кыдыбаев атындагы мектептен КТМУнун Ветеринария факультетине таанышуу сапары


2026-жылдын 26-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Муса Кыдыбаев атындагы мектептин мугалими жана окуучулары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине барышты.

Сапардын жүрүшүндө Муса Кыдыбаев атындагы мектептин мугалими Максат Шайлообек уулуна жана окуучуларга Ветеринария факультетинин билим берүү ишмердүүлүгү, ветеринардык кесиптин өзгөчөлүктөрү жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Программанын максаты — окуучулардын кесип тандоо боюнча түшүнүгүн кеңейтүү жана аларды ветеринария тармагы менен жакындан тааныштыруу.